Коом
Москва-Бишкек-Москва каттамы жумасына 6 жолу аткарылат – Транспорт министрлиги
Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлиги Москва-Бишкек-Москва багыты боюнча кайра бөлүштүрүлгөн каттамдардын жыштыгы тууралуу билдирет.
Маалыматка ылайык, жарандык авиация агенттиги Россия Федерациясынын федералдык аба транспорт агенттигинин чечимине ылайык, 2021-жылы 3-марттан баштап Москва-Бишкек-Москва маршруту боюнча каттамдар төмөндөгүдөй болорун маалымдайт:
— “Аэрофлот” авиакомпаниясы – жума жана жекшемби күндөрү 2 ирет;
— “Ураль авиалиниясы” авиакомпаниясы – шейшемби күндөрү 1 ирет;
— “Авиа Траффик Компани” авиакомпаниясы – шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү 3 ирет.
Россия Федерациясына багыт алган калган каттамдар чартердик болуп саналат.



