Окуялар

ИИМ: Бишкекте эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири кармалды

2021-жылдын март айында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Экстремизм жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын  кызматкерлери  УКМК менен биргеликте, КЖБРге  Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренесинин 1-бөлүмү  (Экстремисттик материалдарды өндүрүү, жайылтуу, ташуу же жөнөтүү, же экстремисттик уюмдардын белгилерин же атрибуттарын интернет аркылуу жайылтуу”  менен катталган    сотко чейинки өндүрүштүн алкагында  «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористик уюмунун жана диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн бири,  Жалал-Абад облусунун тургуну 1996-жылы туулган У.Д.нын  үйүнө санкциялык тинтүү жүргүзүшкөн.

Тергөөнүн жүрүшүндө, санкциялык тинтүү учурунда ал үйдөн диний-экстремистик көз караштагы эл аралык террористтик уюм менен диний-экстремисттик уюмдун  идеалогиясына  тиешелүү болгон колго жазылган дептерлер, дисктер табылды.

Мындан ары жүргүзүлгөн тергөө иштеринин жүрүшүндө Бишкек шаарынын аймагында 1996-жылы туулган У.Д. кармалды. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда ал жарандан  жихад жүргүзүү боюнча жазылган китепче табылды.

Базар-Коргон районунун ИИБи Тергөө кызматы  тарабынан У.Д. аттуу жаран  Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин  98-беренесине ылайык убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Алынган маалыматка ылайык, У.Д. КМШ малекеттеринин бирине барган кезде «Джамаат ат-Таухид Валь Джихад» эл аралык террористтик уюм менен диний-эсктремисттик уюмдун  мүчөлөрү тарабынан азгырылып кирип, аларга жалданып иштеп, Кыргызстанда  дагы алардын  идеологиясын таркатуу менен алектенип жүргөн.а

 Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында кошумча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

 ИИМдин   Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button