Коом
Жалал-Абадда текстилдик ири ишкана ачылып, инвестициянын көлөмү 16 млн долларды түзөт

Буга Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин 2023-жылдын башындагы макулдашуусу негиз болот.
Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланчу ишкана өзбекстандык Fazman Textile компаниясынын деңгээлинде болмокчу.
Баса, 2022-жылдын аягында ачылган Fazman Textile текстиль фабрикасы жылына эркектердин, аялдардын жана балдардын 1 млн даана кийимин чыгарып, 15 млн долларлык товар экспорттойт.
Сүрөттө: Акылбек Жапаров Өзбекстанга иш сапарынын алкагында бир катар фабрикалар, анын ичинде сөз болуп жаткан Fazman Textile фабрикасына барган учур.
@Sputnik_Kyrgyzstan_KG



