Коом

Быйыл жазында кыргызстандыктар дагы 9 күн катары менен эс алышы мүмкүн

2022-жылы май айынын башында кыргызстандыктар дагы 9 күн катары менен эс алышы мүмкүн. Бул тууралуу буга чейин министрлер кабинети Жаңы жылдан кийинки эс алуу тууралуу маалымат бергенде билдирген.

«1, 5 жана 9-май да майрам күнү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумуш күнү эмес катары жарыялоо сунушу киргизилди», — деп жазылат маалыматта.

2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу министрлер кабинетинде 23-февраль (Ата Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрель (Апрель революциясы күнү), 7 жана 8-ноябрдын (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү) макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралып жатканы айтылган.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров бул боюнча чечим быйылкы жылдын I кварталында кабыл алынарын билдирген. 7-апрель жана 7-8-ноябрь Алмазбек Атамбаев президент болуп турганда майрам күн катары жарыялаган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button