Коом

Билим күнүндө милиция кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт

Билим күнүнө арналган майрамдык иш-чаралардын жүрүшүндө ички иштер органдарынын кызматкерлери коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздайт.

Жаңы окуу жылынын башталышына карата майрамдык иш-чараларды өткөрүүдө укук тартибин жана коопсуздукту камсыздоо максатында милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам-профилактикалык комплекстүү иш-чаралар өткөрүлөт.

Республиканын окуу жайларында ички иштер министрлигинин 4 миңден ашык кызматкерлери коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылышат. Мындан тышкары, сейил бактардын аймактарында, соода борборлорунда, оюн-зоок комплекстеринде жөө жана көчмө кайгуулдар тартылат. Ошондой эле билим берүү мекемелеринин жанында жол коопсуздугун камсыздоого олуттуу көңүл бурулат.

Ички иштер министрлиги айдоочуларды мектептердин жанынан унаа айдаганда өтө этият болууну эскертет.

Балдардын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу боюнча бир топ иштер аткарылууда. Балдарды мектепке ташуу учурунда да өзгөчө көңүл бурулат. Ата-энелер балдарды унаага отургузуу жана түшүрүү учурунда коопсуздукту камсыз кылуу маанилүү.

ИИМ балдардын коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда тез арада жакынкы милиция кызматкерине кайрылып же күнү-түнү 102 номуруна чалууну эскертет.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button