Коом

Талас облустук ИИБдин тергөө бөлүмүнүн уюшулган күнүн белгилөө аземи өттү

Бүгүн  6-апрель күнү Тергөө  бөлүмүнүн  уюшулгандыгына 58 жыл толгондугуна  байланыштуу  ошол кызматта  эмгеги сиңген жана жыйынтыктуу көрсөткүчтөрү менен айырмаланган татыктуу кызматкерлер сыйланды.

Талас ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Марлис Асанов  жана башка жетекчилер куттуктоо сөздөрүн айтып, ИИМнин төш белгилерин, медалдарын жана ардак грамоталарды тапшырды.

“Тергөө кызматы абдан түйшүктүү жана жооптуу. Ар бир кылмыш ишин дыкаттык менен текшерип, адилеттүү чечим чыгаруу оңой эмес. Ушундай  мээнет кылып, ишти аягына чейин жеткирүү  силердей кесипкөй мыкты тергөөчүлөрдү  тарбиялайт»,-деди  Марлис Асанов.

Сыйлык  алуучулардын арасында  ички иштер органында 15, 20 жылдан ашуун тергөө кызматында иштегендер бар. Жаш жана билимдүү кызматкерлер да арбын. Алар Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кодекстерди, башка мыйзамдарды жетекчилик кылуу менен адамдардын укуктарын коргоодо жана кылмыштуулук менен күрөшүүдө чоң салымдарын кошуп келүүдө. Талас ОИИБнин жетекчилик курамы майрам ээлерине каалоо тилектерин айтып ыраазычылыктарын билдиришти.

Талас ОИИБни Басма сөз кызматы

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button