Окуялар

«Бурулай, Айзада… дагы ким?». ИИМдин алдындагы митингге миңге чукул адам катышууда

Ички иштер министрлигинин алдында зордук-зомбулукка каршы өтүп жаткан митингге миңге чукул адам катышууда.

Алардын басымдуу бөлүгү жарандык активисттер, шаар тургундары жана айрым эл өкүлдөрү.

«Бурулай, Айзада эми кайра кайтып келишпейт, министр отставкага кетсин. Кыздын ата-энесине эмне деп жооп бересиңер? Ар бир жаран жарандык позицияларын билдиргенге укуктуу, аялдарга болгон зордук-зомбулукту токтотуу үчүн конкреттүү иштер аткарылышы керек», — деп билдирди митингге чыккандардын бири.

Чогулгандар, «уят, кетсин, актанба, министр жооп берсин» деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушат. Ошондой эле «ала качуу — бул кылмыш» деп ураан чакырышууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button