Коом

«Мен турмушка чыгып кеттим»: Изделип жаткан келин кайненесине телефон чалды

Ысык-Көл облусунда изделип жаткан 23 жаштагы келин табылды. Бул тууралуу анын кайын энеси билдирди.

Ал 5-апрелден бери дайынсыз болуп жаткан.

«Мен Ысык-Көл районунун Кашат айылында турам. Балам менен келиним Ысык-Көл районунун Өрнөк айылында иштеп, ошол жерде жашачу. Экөөнүн 1 жашар кызы бар. 5-апрель күнү курбусу менен тиш дарылатканы Балыкчы шаарына кеттим деп, ошол бойдон келген жок. Издеген жерибиз калган жок. Акыры социалдык тармактарга жарыялап, милицияга арыз жазганбыз. Бүгүн өзү телефон чалып, “мен Жумгалдын тургунуна күйөөгө тийип кеттим” деп айтты. Мен арызымды алган жокмун. Милиция кызматкерлери ошол номурду сурап, Жумгал районуна барып, алып келебиз дешти», — деди ал.

Белгилей кетсек, жубайлар 2019-жылы баш кошушкан.

Булак: Турмуш

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button