Спорт
Эртең эки футбол объектиси ачылат

Биринчиси — Кыргыз футбол биримдигинин борбору. Ал жакта реконструкция иштери аяктап, эми Кыргыз футбол биримдигинин академиясы деп аталмакчы.
Аянты 3,3 гектар болгон футбол борборунда мейманкана комплекси, кийинип-чечинүүчү жай, кафетерий, футбол талаасы жана башкалар бар.
Экиничиси — «Мурас Юнайтед» футбол клубунун окуу-машыгуу базасы. Ал Орок айылындагы жаңы салынып жаткан стадиондун жанында жайгашкан. 3,5 гектар аянтты ээлеген жерде мейманкана комплекси, машыга турчу талаа бар



