Коом

Ташиев: «Жерлерди Жапаров сатып ийиптир, Ташиев сатып ийиптир» деп жатышат, жер сатылган жок

Жер сатылган жок, алмашылды. Бул тууралуу УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев, бүгүн, 19-апрелде Кара-Суу районунун Ынтымак айылынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди.

«Өзбек-кыргыз өкмөтү мамлекеттер арасындагы чек араны делимитациялоо, демаркациялоо комиссиялары менен чогуу протоколго кол койгонбуз. Ал протоколодо негизинен өзбек-кыргыз чек араларын жөндөө. Өкмөттөр аралык делегациянын башчысы болуп Кыргызстандан мен, мени менен кошо тиешелүү болгон облустардын башчыларынын орун басарлары, мамлекеттик каттоо кызматынын башчылары болуп 30дай адам барганбыз. Мамлекеттик чек араны чечүү, көптөгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде чечиле турган маселе. Кечээ күнү айтып атышат, «жерлерди Жапаров сатып ийиптир, Ташиев сатып ийиптир» деп. Эч ким эч кандай жер саткан жок, сата да албайт. Провокаторлорду укпашыңар керек. Мына мен силерге чындыкты айтып берем. Жерлер сатылган жок, алмашылды», — деди Ташиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button