Коом

Мадамин Каратаев Фтизиатрия борборун жетектемей болду

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Онкология жана гематология улуттук борбору менен Фтизиатрия улуттук борборунун жаңы жетекчилерин жамаатка тааныштырды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Премьер-министр Улукбек Мариповдун буйругуна ылайык, Онкология борборуна Бактыгүл Султангазиева келсе, Фтизиатрияга Мадамин Каратаев дайындалган.

Ошондой эле Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментине Султан Абдыкадыров жетекчи болуп бекитилгени маалымдалды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button