Коом

Митингге чыккан медиктерге компенсация төлөөгө акча табылды — Марипов

Пандемияда иштеген медицина кызматкерлерине компенсация төлөө үчүн 200 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу премьер-министр  Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирде маалымдады.

Ал медиктердин компенсация талап кылып митингге чыгышын өкмөт туура кабыл алганын белгиледи.

«Урматтуу медицина кызматкерлери, сиздер адам өмүрү менен алышып жүрүп, өзүңүздөр дагы ооруп калып жатасыздар. Ошондуктан бардык документтериңизди чогултуп, кайрадан комиссияга тапшырыңыздар. Бул маселе чечилет. Былтыр кандай абалда калганыбызды билебиз. Эң биринчи Кудайдын, андан кийин дарыгерлердин көзүн караганбыз. Азыр компенсация албай калган медиктердин маселесин чечүү боюнча бизге президент тапшырма берди. Жакынкы күндөрү бюджеттен 200 миллион сом бөлүү боюнча чечимди даярдап жатабыз», — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Марипов кыргызстандыктарга өлкөдөгү эпидемиологиялык абал кескин начарлап жатканын эскертип, санитардык эрежелерди сактоого чакырды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button