Коом

Камчыбек Ташиев Дубайдан үй алыптыр деген маалыматка жооп берди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын төрагасы Камчыбек Ташиев, бүгүн 25-апрелде Өзгөн районунун эли менен жолугушуу өткөрдү. Жыйында, чек ара жана Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча талаш-тартыш кептердин тегерегинде суроо жооптор болду. Жергиликтүү эл өз талаптарын коюп, суроолоруна жооп алгандан соӊ, төрага өзү тууралуу тарап жаткан маалыматар боюнча айтып берди.

“Мен жөнүндө Дабайдан канча бир миллион долларга үй алыптыр деп жалган маалымат таратып жатышат. Мен сиздерге айтып коеюн. Ооба, биз жакында үй алдык. Орозо башталгандан кийин 3-4 күндөн кийин болсо керек, Испаниядагы футбол ойногон 15 жаштагы уулум “ата Томас акам барат, ушуга жардам берип коесузбу”-деп чалды. Эмне болуп кетти деп кыжаалат болдум, 2 сааттан кийин Томас уулум келип калды. Чай үстүндө отуруп бир көп балалуу үй бүлөө Россияга иштеп, үй алганы кеткен экен. Барып ал жактан 3 эмдүү болуптур, дагы деле үйү жок”-экен деп жөн эле айтып койдум эле. “Ата ошол үй-бүлөөгө үй алып берели, инилерим болуп акча чогулттук. Бир аз жетпей жатат, жардам бересизби”-деп сурап келиптир.

Уулдарым ал адамдарды издеп таап, телефон менен байланышыптыр. Үйлүү болсо көчүп келебиз деп айткан экен. “Ата орозо маалында көчүрүп алып келип коелучу”-деди. Макул болуп, 2,5 миллион сомго көп балалуу үй-бүлөөгө үй алып бердик. Ал эми Дубайдан үй алыптыр деп ушак чыгаргандарга өздөрүнө буюрсун”-деди К.Ташиев.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button