К.Зулушев: Мыйзам жана салт үй-бүлө куруу мүдөөсүнө тоскоол болбошу керек

Жазык-укуктук системаны реформалоо боюнча жумушчу топтун отурумунда Башкы прокурор өлкөбүздө жарандар салт боюнча менталитетке жараша никелешип, мыйзам талаптарын эске албастан үй-бүлө курган учурлар кездешерине токтолду.
“Эгер 17 жашар кыз төрөп, үй-бүлө куруп, жолдошу менен жашап калса, тергөө анын жолдошунун аракетине юридикалык баа берет. Бул аракет үчүн 7 жыл 6 айдан 10 жылга чейин эркинен ажыратуу жазасы каралган. Мындай учурларда улуттук менталитет менен салтты эске алуу зарыл деп эсептеймин.”
Бирок, Башкы прокурордун жогорудагы сөздөрү айрым массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү тарабынан туура эмес интерпретацияланып калган.
Алсак, 24.kg жана Kaktus.Media К.Зулушевдин сөздөрүнөн айрым контекстерди кесип алып, айтылган ойду жашы жете электерге карата жасалган жыныстык мамилени чечүүнүн мүмкүнчүлүгү катары көрсөтүшкөн.
Өз сөзүндө Башкы прокурор жасалган кылмыш үчүн жазык жоопкерчилигинин болбой койбостук принцибинен баш тартууну эмес, жазанын катаалдыгы боюнча пикирин билдирген.
Башкы прокуратура маалыматтардын туура эмес жеткирилиши коомчулуктун арасында түшүнбөстүктү жаратып, мамлекеттик бийликтин ишмердүүлүгүн дискредитациялоого алып келээрин маалымдайт.



