Коом

Караколдо милиция кызматкерлери жана мектеп активисттери үй-жайсыз адамдар үчүн ысык чай уюштурушту

Бул күндөрү Ысык-Көл облусунун облустук борборунун тургундары ызгардуу суукту сезишүүдө, анткени абанын температурасы күндүзү -12 градуска чейин жетүүдө. Буга байланыштуу Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн балдар иштери боюнча инспекторлору мектеп активисттери менен биргеликте «Камкордук» иш-чарасынын алкагында белгилүү жашаган жери жок адамдар үчүн булочка жана таттуулар менен ысык чай уюштурушту.

Милициянын көчмө кабылдамасында алар адатта селсаяктар чогулуп, кайыр сураган жерлерди кыдырып чыгышты. Балдардын жана милиционерлердин колунан таттуу чайды ооз тийген үй-жайсыз адамдар үчүн боорукердиктин өзгөчө көңүлү юолуп калды.

«Негизинен, жасалган жакшылыктар жөнүндө сөз кылынбайт эмеспи. Бирок мындай көрүнүштү ачыкка чыгаруу, бир жагынан агартуучу мүнөзгө ээ. Биз, боорукердикке жана кайрымдуулукка коом эч качан кайдыгер болбошун каалайбыз. Ошондой эле, мындай адамдын жакшы сапаттарын биздин жаш муунга сиңирүүгө далалат кылып жатабыз. Биздин чакан дасторконубуз биздин бөлүмдүн кызматкерлери тарабынан жеке каражаттарды ыктыярдуу чогултуу менен түзүлгөн», — деп белгиледи Каракол ШИИБдин балдар иштери боюнча инспекциянын башчысы Назгуля Калдыбаева.

«Үй-жайсыз адамдар таттуу чайга кубанып жатышканын көргөнүбүздө абдан таң калдык. Биз үчүн кант кошулган чай балким күнүмдүк көрүнүш болсо, алар үчүн болсо чоӊ  жаӊылык болушу мүмкүн», — деп бөлүштү мектеп активисттери.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button