Кыргызстанда эки жолу жер титирөө катталды

8-декабрда Кыргызстанда эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту маалымдады.
Алгачкы жер титирөө күчү 4 балл болуп, саат 20:15те Баткен облусунда болгон. Сейсмологдордун айтымында, очогундагы жер титирөө:
Рават айылынан түндүк-чыгышты карай 12 км,
Лейлек айылынан түндүк-чыгышты карай 17 км,
Уч-Дебе айылынан түндүк-батышты карай 17 км,
Ак-Татыр айылынан батышты карай 17 км,
Баткен шаарынан түштүк-батышты карай 48 км аралыкта жайгашкан.
Жер титирөөнүн сезилиши Рават айылында 3,5 балл, Лейлек, Уч-Дебе жана Ак-Татыр айылдарында 3 балл болуп байкалган.
Экинчи жер титирөө күчү 3 балл болуп, саат 03:07де катталды. Анын очогу Кара-Тоо кырка тоосунда орун алган. Тактап айтканда, ал:
Достук айылынан түштүккө карай 8 км,
Ак-Жар айылынан түндүк-батышты карай 18 км,
Ат-Башы райондук борборунан түндүк-батышты карай 20 км,
Нарын шаарынан түштүк-батышты карай 32 км аралыкта болгон.



