Окуялар

Жалал-Абадда 12 жашар баланы сабаган аял кармалды

Жалал-Абадда оюн аянтасында 12 жашар баланы сабаган 30 жаштагы Сузак районунун тургуну А.Н. кармалды. Бул тууралуу  облустук милициядан билдиришти.

Ал 48 саатка убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ички иштер башкармалышы «Бейбаштык» беренеси менен иш козгоду.

Ал эми 12 жаштагы өспүрүм областтык балдар ооруканасында дарыланууда.

Эскерте кетсек, 17-август күнү шаардагы «Плаза» соода борборундагы оюн аянтчасында аял өз баласына болушуп, 12 жаштагы өспүрүмдү сабап, күбөлөр аны араң токтоткон.

Булак: Репортер.кж

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button