Коом

Чек ара чырында каза болгондордун аты-жөнү жарыяланды. Тизме

Соңку маалыматка караганда, Баткен жана Лейлек райондорунда тажик күч түзүмдөрү менен болгон атышуудан кыргыз тараптан 13 адам каза тапты. Алар:

  1. Каратаев Сагын Калбаевич. Көк-Таш айылынын тургуну. 1977-жылы 26-июлда туулган.
  2. Тагаев Сүйүн Ураимович. Баткен шаарынын тургуну. 1969-жылы 14-мартта туулган.
  3. Каработоев Алтынбек Джалилович. Кадамдай шаарынын тургуну. 1982-жылы 18-майда туулган.
  4. Адбрахманов Баяман Гапарович Баткен шаарынын тургуну. 1998-жылы туулган.
  5. Үсөн уулу Рашид. Баткен шаарынын тургуну. 1973-жылы туулган.
  6. Ганиев Жамшит Кайимович. 1990-жылы туулган.
  7. Рахматжанова Мадина 2009-жылы туулган.
  8. Сайдаров Махаматрасул Махадасавоч 1985-жылы туулган.

Аскер кызматкерлери:

  1. Манасбек уулу Нурсултан 1992-жылы туулган. 2053 аскер бөлүгүнүн 3-топтун командири. Капитан.
  2. Юлдашев Бекзат Давлатжанович. 1991-жылы туулган. 2021 аскер бөлүгү.
  3. Кубанычбеков Эсентур Кубанычбекович 1991-жылы туулган. 2053 аскер бөлүгүнүн 3-атайын багыттагы отрядынын командири. Капитан.

Баткен милициясы дагы эки адамдын тек-жайын тактап жатат.

Куралдуу кагылышта 20 аскер кызматкери жарадар болду, экөөнүн абалы оор деп бааланууда.

Ошондой эле 134 адам жараат алды. Алардын 25и Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборуна, Улуттук госпиталга жана Улуттук хирургия борборуна жаткырылган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button