Коом

Белгилүү казак жазуучусу жана акыны Мухтар Шаханов дүйнө салды

Казакстандын жана Кыргызстандын эл жазуучусу, акын Мухтар Шаханов дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу 20-апрелде Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги билдирди.

Ал 83 жашта эле.

Мухтар Шаханов 1942-жылдын 2-июлунда Түлкібас районунун Каскасу айылында (азыркы Түркстан облусу) төрөлгөн.

Ал 30дан ашык поэтикалык жыйнактардын автору болгон. Чыңгыз Айтматов менен биргеликте китеп-эссе жана пьеса жазган.

Шаханов СССР Жогорку Советинин эл депутаты, кийин Мажилистин депутаты болуп шайланган. Ошондой эле Кыргыз Республикасында Казакстандын элчиси болуп иштеген жана Бишкек шаарынын ардактуу жараны болгон.

Тектеш кабарлар

Back to top button