ИИМ: Улан Ниязбеков Баткенде жарадар болгон ички аскер жоокерлеринин абалы менен таанышты

2-май күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги куралдуу кагылышуудан жаракат алган ички иштер органдарынын кызматкерлери жана ИИМдин Ички аскерлеринин аскер кызматчыларынын акыбалы менен таанышышты. Учурда алар Бишкек шаарындагы бир катар ооруканаларда дарыланушууда.
Адистер ИИМдин башчысын жаракат алгандардын ден соолугунун абалы менен тааныштырышты. Улан Ниязбеков жаракат алгандар менен баарлашып, алардан акыбалы жөнүндө сурап, бат сакайып, жолдошторунун катарына тез арада кошулушун каалады.

Андан сырткары ИИМ тарабынан зарыл болгон бардык жардамдар көрсөтүлөөрүн айтып, дарылануусуна керек болгон бардык даары-дармектер менен камсыздоо болуп жаткандыгын билдирди. Ошондой эле жарадар болгон кызматкерлер менен жоокерлердин туугандары менен да баарлашып кызматкерлерге бардык ар тараптуу жардамдар да көрсөтүлуп жаткандыгын белгиледи.
Азыркы учурда бейтаптар жогорку деңгээлдеги адистердин көзөмөлүндө болуп, Бишкек шаарынын Травматология жана ортопедия илимий борборунан, Хиррургия улуттук борборунан, Улуттук бейтапканадан медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
ИИМдин Басма сөз кызматы



