Коом

Нурланбек Шакиев: «Гимндин текстине ачык сынак өткөрөбүз»

Кыргызстанда мамлекеттик гимндин текстине сынак жарыяланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев маалымат жана басма сөз күнүнө карата ЖМК кызматкерлерин сыйлоо аземинде билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк мамлекеттик символду өзгөртүү темасын көтөргүсү келген, бирок ага эч ким батына албады.

«Мен муну сунуш кылдым. Кийинки жумада Жогорку Кеңеште кезексиз жыйын өткөрөбүз. Ачык, айкын сынак жарыялайбыз. Гимнде «Мен Кыргызстан үчүн, кыргыз элим үчүн, өлкө өнүксүн» деген сыяктуу сөздөр жетишпейт», — дейт Нурланбек Шакиев.

Ал ошондой эле мамлекеттик символду өзгөртүү демилгесин трагедия кылбоого чакырды.

«Кудай буюрса гимнди өзгөртөбүз. Муну мен эмес, кыргыз эли, Кыргыз Республикасынын чыгармачыл интеллигенциясы чечет», — деп кошумчалады төрага

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button