Окуялар
Эки күндөн бери дайынсыз. Баткенде 15 жаштагы Мадина Мыктыбек кызы изделүүдө

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ынтымак айылында жашаган 15 жаштагы Мадина Мыктыбек кызы эки күндөн бери дайынсыз. Бул тууралуу облусттун ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Мадина 4-май күнү саат 12.30дар чамасында үйүнөн чыгып кеткени боюнча кайтып келген эмес.
Анын өзгөчө белгилери: бою 150-160 см. Чачы кара, узун, кара көздүү, арыкчырай.
Кара ботинка, кара шым жана кара водолазка кийип жүргөн.
Мадинаны таанып билгендер, көргөндөр болсо кайрылыңыздар. Телефондор: 03655 5 02 29, 0704 27 64 16.


