Саясат
Казак президенти Москвадагы парадга катышпайт

Россиянын Москва шаарында 9-майда Улуу Жеңиш күнүнө карата өтө турган салтанаттуу парадга Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев катышпайт. Бул маалыматты президенттин катчысы Берик Уали жарыялады.
Анын маалыматына таянсак, Россия тараптан чакыруу болбогондуктан президенттин иш графигине бул майрамга катышуу пландалган эмес.
Буга чейин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Москвадагы парадга катыша турганы белгилүү болгон. Анын алдында президент Владимир Путин менен да жолугушат.
Бул күнү Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун да Москвага иш сапары пландалган эмес.



