Чек арадагы абал боюнча ыйлаган Адил Садыр Жапаров менен жолукту

Буга чейин Тажик тараптын агресивдүү кол салуусунан улам өспүрүм Адил ыйлап, коомчулукка кайрылуу жасаган эле. Адил чоң атасын тажиктер өлтүргөнүн, атасы адилетсиз камакта жатканын айтып, президенттен жардам сураган.
Ал бүгүн, 10-майда президент Садыр Жапаров менен жолугуп чыкты. Бул тууралуу Ассоль Молдокматова жеке баракчасы аркылуу кабарлады.
Анын жазган маалыматына ылайык, президент кичинекей коногун жылуу тосуп алып, маселесин чечип берүүнү убадалаган.
«Адил түнү бою уктабай, толкунданып чыкты. Садыр Нургожоевич аны жылуу тосуп алып, Адилге аталык мээрим төгүп кучактап, бир катар суроолорду берди.
Ал Адилдин атасынын маселеси Тышкы иштер министрлигинин көзөмөлүндө экенин айтып, жакынкы аралыкта аны чечип берүүнү убада кылды», — деп жазды Молдокматова.
Бүгүнкү күндө Эсен Мажитов Орусияда кармалып, камакта жатат. Буга чейин тажик тарап Эсен Мажитовго кылмыш ишин козгоп, издөө жарыялаган. Адил Абдурахимов дал ошол камакта жаткан Эсен Мажитовдун тун уулу.



