Коом

Эскертүү! Бишкекте жана Чүй облусунда катуу шамал болушу күтүлөт

Жакынкы үч саат ичинде жана күндүз Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө батыштан соккон катуу шамал күтүлөт. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз борбору Гидрометеорология кызматына шилтеме берүү менен билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

Мындай учурда ӨКМ жарандарды сак болууга жана мүмкүн болушунча коопсуз жайларда болууга чакырат. Адистер катуу шамал учурунда электр берүүчү зымдардан, жарнамалык конструкциялардан жана кулап кетиши мүмкүн болгон бак-дарактардан алыс болуу зарылдыгын эскертишет.

Жарандар мүмкүн болгон кырсыктар тууралуу 112 номери аркылуу дароо кабар берүүгө чакырылат. Чалуу акысыз, кызмат күнү-түнү иштейт.

Тектеш кабарлар

Back to top button