Саясат

Чек арадагы болгон кагылышууда Мадумаров чыныгы жүзүн көрсөттү

Кыргыз-тажик чек арасында аскердик кагылышуу болуп, ок атылып, кан төгүлүп жаткан убакта, бүткүл кыргыз эли оппозициясы болобу, башкасы болобу баары сырткы душманга каршы бириге калышып биримдиктүүлүгүн көрсөтүштү. Ал эми Мадумаров болсо адатынча эч кимге кереги жок чукул кайрылуусу менен, курч абалдан пайдаланып бийликке асылып жатты. Же анын ушул чукул кайрылуусу эч бүтпөдү!

А чек-арадагы согуш так ошол Мадумаровдун айынан болуп жатканы менен иши жок. Себеби убагында, Мадумаров бийликтин башында турганда, өз билемдик кылып, эч кимди укпай тажиктерге жерибизди арендага 49 жылга берүү жөнүндө протоколго кол койгон. Бир эле бул эмес, казактарга да Каркыраны саткандардын ичинде Мадумаров да бар, бул эми баарыбызга эле маалым.

Эми ошол чукул кайрылуусу менен эле калып калсачы, бирок тарапташтарын митинге үндөп, чек-арадагы абалдан пайдаланып бийликти басып алуу ниети бар экенин билдирип алды. Сырткы душмандарга күч, дем берип турду. Митингге чыккан тарапташтары калп эле Баткенге биз да барабыз, курал бергиле демиш болуп бийлик кетсин деп чыгышты. Аларды Баткенге алып кетуу үчүн машине келгенде, эч кимиси чыкпай коюп уят болушту.  Демек, Мадумаровдун негизги максаты, кандай жол менен болбосун бийлике жетүү! Сырттан душмандар кол салып, эл кырылып калса да ага бары бир! Өзгөчө кырдаалга карабай өлкөдө дестабилизация орнотууну көздөгөн үчүн аны жоопко тартуу абзел!

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button