“Дилгир” коомдук уюму — волейболду жана спортту сүйүүчү айымдарга дем берет

Кечээ, 16-майда Бишкек шаарындагы Билимкана спорт аренасында “Дилгир” волейболду сүйүүчү айымдардын турниринин расмий ачылуу аземи болуп өттү.
“Дилгир” спорт коомдук уюму бул — аялдардын спорттук кыймылы, алдыга койгон чоң максаты, Кыргызстандын келечегине, анын ичинде аялдар менен алардын балдарынын келечегине, ден соолугуна эбегейсиз кам көрүү болуп эсептелет.

Спорттун ден-соолукка гана эмес, акыл-эске да тийгизген оң таасирин эске алып, спортту сүйгөн 35 жаштан улуу аялдардын лигасы мындан 3 жыл мурда негизделген. Учурда “Дилгир” волейболду сүйүүчү кыз-келиндер лигасында мындан башка да көптөгөн командалар өлкөнүн баардык бурчунан ойнойт. Көпчүлүгү алыскы аймактарда жашаган айымдар. Соңку 3 жылдан бери республикалык масштабдагы бир нече турнирлерди өткөрүп келе жатат.
«Биздин негизги максатыбыз аялдардын арасында массалык спортту, сергек жашоону өнүктүрүү жана биздин өлкөгө кеңири жайылтуу болуп саналат» — деди “Дилгир” лигасынын негиздөөчүсү Элиза Асилбек айым.

“Дилгир” лигасы мындан ары ай сайын Бишкекте өткөрүлмөкчү, буга айымдар команда түзүп катышса болот. Негизи буга үч категорияда: 35 жашка чейинки жаштар, 35 жаштан жогорку жана 45 жаштан өйдөкү айымдар катыша алышат. Жыйынтыктоочу финал жылдын аягында өтөт жана командалардын чемпиону аныкталат, — деп айтылат маалыматта.



