Саясат

Канадалык инвесторлор 25 жыл бою кыргызстандыктарды кантип тоношкон: цифралар жана фактылар



Кумтөрдүн ишин текшерүү боюнча мамкомиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров 2021-жылдын 17-майында билдирүү жасап, анда ал баштаган топ Centerra Gold компаниясына пайдалуу кенди казып алууга макулдук берүү боюнча келишимди жокко чыгарууга жатаарын билдирген. Мунун себебин ал «коррупция, коопсуздук техникасынын жана айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу» деп атады.

«Мамлекеттик комиссия Кумтөрдөгү жүргүзүлүп жаткан иштерге карата 1992, 2003, 2009 жана 2017-жылдарда кол коюлган келишимдер Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына шайкеш келбегенин, Кыргызстандын мамлекеттик суверендүүлүгүн бузууга багытталганын жана ошол кездеги кыргыз чиновниктеринин коррупциялашкан кызыкчылыктарынын негизинде кабыл алынганын аныктады», — деди Акылбек Жапаров.

— Тээ 2009-жылдагы иликтөөлөр боюнча Кыргызстан менен Канадалык компаниянын ортосундагы Башкы келишим башынан эле республика үчүн пайдасыз шарттарда түзүлгөнүн изилдөөчүлөр белгилешкен, бул металлды эмес, дивиденддерди бөлүштүрүү болуп калган, б.а. өндүрүлгөн алтын эмес, алтынды сатуудан түшкөн пайданы гана бөлүштүрүү болуп келген. Бул шарттардын пайдасыздыгы кирешени аныктоо кыйын экендигинде, анткени өндүрүштүк керектөөлөргө жумшалып жатат делинген керектелүүчү номенклатуранын миң бирдигинин шарттарында өнөктөш чыгымдарды реалдуу түрдө көзөмөлгө ала албайт (баалар, саны, сатып алуунун өзүнүн номенклатурасы). Мисалы, бажы кызматынын маалыматтары боюнча 2002-жылдан 2011-жылга чейинки мезгилде «Кумтөр Оперейтинг Компани» (КОК) негизги өндүрүштүк ишке тиешеси болбогон суммасы 1 млн. АКШ долларынан ашуун товарларды пошлинасы жок алып келген жана алар чыгаша катарына кошулуп, кыргыз тараптын кирешесин тийиштүү түрдө азайткан.

Эл керектөөчү бул товарлар негизинен Канададан ташылып келинген. Мындай артыкбаш чыгымдар республиканын бюджетине алынуучу дивиденддерге таасирин тийгизген. Ошондой эле Катерпиллер (Caterpillar) фирмасынын атайын техникасын: карьерде иштей турган самосвалдар, бургулоочу жана казуучу машиналар жана жабдуулар, дөңгөлөктүү илип алма автопрогрузчиктер, грейдерлер, бульдозерлер ж.б. сатып алууга кеткен чыгымдарды да артыкбаш чыгымдар деп койсок болот. Аталган техника жана аларга керектелүүчү тетиктер да негизинен Канададан ташылып келинген, аларды Европадагы же КМШ өлкөлөрүндөгү дилерлерден деле сатып алууга деле болмок.

Муну менен көптөгөн артыкча (авиатранспорттук) чыгымдарды азайтууга болмок. Бул фактылар ташып келүүгө катышкан ортомчу же жалгама фирмалардын болгонун ырасташы мүмкүн. Кирешени бөлүп алуу схемасынын коррупциялык жолу болуп канадалык тараптын жалгама адамдарга мыйзамсыз акча төлөп берип туруусунан алынган көмүскө кирешелер саналат. Мисалы, «Центерра Голд Инк.», компаниясынын жыл сайын бериле турган отчеттору боюнча «Кумтор Голд Компанинин» жетекчиси Л. Хоменюктун жубайы Марина Стивенске: 2001-жылы – 138 миң АКШ доллары, 2002-жылы -331 миң АКШ доллары, 2003-жылы – 508,0 миң АКШ доллары гонорар түрүндө төлөнүп берилген жана 2004-жылы – 200 миң АКШ долларын төлөп берүү пландаштырылган. Ал эми ал 2008-жылы жумуштан бошоп кеткенге чейинки кийинки мезгил боюнча маалымат жок экенин эске алганда, ага жалпысынан 1 миллиондон ашуун АКШ доллары төлөнүп берилген.

2013-2014 – жылдары AMEC Earth & Environmental (UK) Ltd. компаниясы иштетүүчүсү «Кумтөр Оперэйтинг Компани» компаниясы болгон Кыргызстандагы алтын казып алуу боюнча «Кумтор Голд Компани» долбоорунун ишине инженердик жана экологиялык текшерүү (2012-жылдагы депутаттык атайын иликтөөнүн алкагында) жүргүзгөн. Текшерүүнүн негизинде бир нече сунуштар иштелип чыккан. Бош породалар ташылган жерди турукташтырууга шарттар жөнүндөгү келишимге жана долбоорго ылайык, 5 миллион доллар бөлүнгөн.

Суу ресурстарын башкаруу жаатында аларды аммиактан жана сульфаттан тазалоо үчүн жана ошондой эле суулуу, саздак аянттарды калыбына келтирүү үчүн дагы 1-2 миллион доллары каралууга тийиш болчу. Эгерде суулуу, саздак аянттарды тазалап, калыбына келтирүү боюнча минималдуу талаптар аткарылбаса, анда суу тазалоочу станцияны өркүндөтүүгө дагы кошумча 5-10 миллион доллар каралышы керек. Кумтөр суусунан бөлүнүп чыгуучу аралашмаларга мониторинг жүргүзүү керек. Петров көлүнүн мүмкүн болгон жырылуусунан улам пайда болушу ыктымал болгон суу ташуу тобокелдигинин алдын алуу системасы орнотулууга тийиш.

Мөңгүлөрдүн абалына мониторинг жүргүзүү боюнча кенен отчет берилип турушу керек. Биотүрдүүлүктүн абалы боюнча мониторинг жүргүзүү жана отчеттуулук системасын оптималдаштыруу зарыл. Кыртышты сактоону эл аралык практикага ылайык камсыздоо, ошондой эле кыртышы рационалдуу пайдаланууну жакшыртуу. Калдык сактоочу көлмөнүн жээгиндеги уулуу жана турмуш-тиричилик калдыктарын көөмп салуу концепциясы иштелип чыгып, көзөмөлдөөчү органдар тарабынан жактырылууга тийиш.

КР Улуттук илимдер академиясынын Геомеханика жана жер асты кендерин өздөштүрүү институтунун өкүлү Исабек Торгоев билдиргендей, Кумтөр руднигинин ишинен улам Кумтөр суусунун түбү оор металлдардын чөгүүсүнөн булганууда.
«Кумтөр руднигинин аймагындагы мөңгүлөрдүн абалы боюнча кеп болгондо, Centerra Gold Inc. тарабынан мөңгүлөрдүн көйгөйү климаттын ысып баратканы менен гана түшүндүрүлүп, техногендик бөлүгү толугу менен четке кагылат. Мен абдан күчтүү техногендик таасир бар экенин белгилеп кетким келет. Жакынкы келечекте дал мына ушул мөңгүлүү таштар төгүлүп жаткан жердин абалы менен байланышкан көйгөй жаралышы ыктымал, — дейт эксперт.

— Кумтөр электр энергиясынын өтө көп өлчөмүн колдонуп жатканына карабай анын ар бир киловатт саатына 2, 24 сом гана төлөйт. Бул ишкананы кыргыз бюджети берип жаткан дотациянын эсебинен өтө кирешелүү кылууда, анткени кошуна Казакстанда же Өзбекстанда электр энергиясын 3 сомдон кем эмес гана алса болот, ал эми РФда же Австралияда ар бир киловатт үчүн 8-12 сомдон төлөттүрүшөт.

— Центерра мөңгүлөрдөн көп сандагы музду алып жатканы аз келгенсип, мөңгүлөр турган жерге коркунучтуу заттарды да төгүүдө. Бизде эл аралык соттордо утуп чыгууга жакшы мүмкүнчүлүктөр бар. Кумтөр кантип иштөөгө болбосу жана өлкө экологиясына зыян тийгизбөөнүн мисалы болуп калышы керек.
Рудникти 1996-жылдан бери пайдаланып келаткан мезгил ичинде Кумтөрдө техникалык катачылыктардан улам 19 адам көз жумган. 47 адам майып болуп калганын Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссия кабарлайт.
Жогорку Кеңештин 17-майдагы жыйынында депутаттарга рудник жөнүндө архивдик кадрлар тартылган ролик көрсөтүлдү.

— 2002-жылдын 8- июлунда карьердин бортунун эки жолку урап кетүүсүнөн улам жергиликтүү кызматкер Алмаз Жакишов көз жумган. Анын сөөгү чыгарылбай, урандынын астында калган.

— 2012-жыл — рудникке жакын жердеги Ара-Бел дарыясынан суу ичкен мал массалык түрдө кырылган.

— 2013-жылдын 3-майында — Давыдов мөңгүсүнө төгүлгөн катмар суткасына 5 метр ылдамдык менен ылдый сүрүлгөн. Өндүрүштүк имарат жайлар, трансформатордук чордондор, жатакана корпустары, жогорку чыңалуудага электр чубалгылары кыйраган.

— 2019-жылдын 1-декабрында Кумтөр руднигинин Лысый суусунун өрөөнүндөгү участтоктон бош порода төгүлгөн жерден көчкү жүргөн жана бир нече машинаны көөмп салган. Тоо-кен иштери боюнча мастер Өмүрбек Ишенбеков, бульдозердин машинисти Жолдош Жунушев дайынсыз жоголушкан.

«Ишкана иштеп келаткан мезгил ичинде эң эле каргашалуу кырсык 1998-жылы жүз берген — «Кумтор Оперейтинг Компанинин» жүк ташуучу машинасы оодарылып кеткен. Анын кесепетинен улам 1740 кг цианид Барскоон суусуна куюлуп кеткен. Доогер ошондон кийин суу хлор менен тазаланган дейт. Жергиликтүү тургундар хлорго ууланышкан. Алардын маалыматы боюнча 2000дей адам жабыр тартып, 2 адам каза тапкан. 17 миң адам медициналык жардам алган. Соттук териштирүү иштери бүгүнкү күнгө чейин уланууда».

— «Кумтор голд компани» Кыргызстандагы саясий процесстерге да кийгилишип келген. Мисалы, 2011-жылдын 30-июнунда президенттик шайлоо жарыяланып, ал күздө өткөн. Бул мезгил ичинде компания 10 млн доллар өлчөмүндө демөөрчүлүк каражат бөлүп берген. Сентябрда бул каражаттар жарандык турак жай департаментинин “РСК Банктагы” эсебине которулуп берилген жана казначейлик системадан тыш пайдаланылган. Бул каражаттардын эсебинен курула турган объектилердин тизмеги шайлоо алдындагы үгүт мезгилинде жана 2011-жылдын сентябрь – октябрындагы Кыргызстандын президентин шайлоого чейин премьер-министр Алмазбек Атамбаев тарабынан бекитилген.

— Рудниктин курулушу башынан эле Кыргызстандын улуттук мыйзамдарын бузуу менен жүргүзүлгөн. Рудниктин ишинин башталыш этабында КОКтун жетекчилиги породаны Давыдов мөңгүсүнө жайгаштыра баштаган. Муну менен Коопсуздуктун бирдиктүү эрежелеринин №79 талабы жана Кыргызстандын “Суу жөнүндө” Мыйзамы бузулган. Карьерлерден 1 млрд тоннадан ашуун порода жана ошондой эле эквиваленти 60 млрд. таза мөңгү суусуна барабар 77 млн. куб/метр мөңгү массасы отвалга ташылган.

Отвалдардагы жана цианид камтыган калдыктар сакталуучу жайлардагы бош породанын көлөмү мындан ары да өсө берет, ал эми бул калдыктар болсо такай мониторингди жана техникалык тейлөөнү талап кылуу менен рудник жабылгандан кийин деле (болжолу менен 2026 – жылы жабылат) Нарын дарыясынын агымында биротоло кала берет.

— Бул жерде ири шылуундук мында жатат, Centerra Gold Inc. компаниясы Кыргызстандын Ысык-Көл областындагы эң ири жана кирешелүү болуп саналган Кумтөр алтын кенинин эсебинен 2016-жылдан тарта алгачкы жолу өз акционерлерине дивиденд төлөй баштаган. «Кыргызалтын» ААКнын маалыматтары боюнча, 77,4 млн. акциянын ээси катары Кыргызстан 8,2 млн доллардан 2,2 млнго жакын доллар алууга тийиш. Бир нече аналитиктер Кыргызстан Centerra Gold Inc. компаниясынын эн ири акционери болуп келатканы менен көп жылдардан бери өз дивиденддерин ала албай келатканы аз келгенсип, бул жолу да ага эн аз каражат бөлүнгөнүнө кыжырданышууда.

Канадалыктар Кумтөрдө жылына 17-18 тоннага жакын алтын казып алып жатканын эске алганда, алардын таза кирешеси жыл сайын дээрлик 750 – 800 млн долларды түзүүдө. Бирок бизге дивиденд катары анын 2 миллиондон бир аз гана ашыгыраагын бөлүп беришүүдө.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында өлкө эң көп дивиденд – 30 миллиондон ашуун долларды ири акционер катары Centerra Gold Inc. компаниясынан 2011-жылы гана алган. Андан кийин 2012 -жылы сумма 5,8 млн болгон, 2013-жылы 11,9 млн доллар, 2014 -жылы – 11,1 млн, 2015-жылы – 7 млн доллар алган. Ал эми 2016-жылдан тарта ири акционер катары кала берген Кыргызстанга дивиденддерди төлөө жүргүзүлгөн эмес.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button