Коом

БУУ жарыялаган “Ылдамдыкты азайтып-өмүрлөрдү сактайлы!» жумалыгы өтүүдө


Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) 2021-жылдын 17-майдан 23-май күнүнө чейин дүйнө жүзүндө өткөрүлө турган алтынчы Дүйнөлүк Жол коопсуздугуна арналган жумалык жарыялады.

Бул жумалыктын ичинде унаа каттамдары көп шаарларда, жөө жүргүнчүлөрдүн жана калк жайгашкан жерлериндеги автомобилдердин жогорку ылдамдыгын төмөндөтүү максаты коюлган.

БУУнун жумалыгына катышкан өлкөлөрдө бул иш-чаралар «Жашоо үчүн Жолдор» аттуу бирдиктүү концепцияда өтөт. Мында жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугуна көңүл буруу жана туура кабыл алуу болуп саналат. Алардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча чаралар көрүлөт.

Бул иш чара, жолдордо жана көчөлөрдө ылдамдыктын төмөндөшү менен адам өмүрүнө зыян келтирген кырсыктарды кыскартуунун ортосундагы түздөн-түз байланышка багытталат.
Бул жумалыкта бизде » Ылдамдыкты азайтып-өмүрлөрдү сактайлы!» — урааны менен ар кандай иш-чаралар өткөрүлүп, малыматтар таратылат.

Ушул күндөрү баардык каалочулар өз баракчаларына #Улицыдляжизни #Нравится30 хештеги менен кирип, сүрөттөрдү жана видео материалдарды жүктөө менен бул иш-чараны колдоп жана бул жумалыка өз салымын кошо алат.

КР ИИМдин ЖКККББы басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button