Коом

Кызыл-Кыя шаарында 16 жаштагы өспүрүм каракчылыкка шектелүүдө

Кечээ, 20-май күнү Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында каракчылыкка шектүү адам кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.

Облустук милициянын маалыматына ылайык, Ноокат районунун 16 жаштагы тургунунун уюлдук телефонун белгисиз жаран коркутуп, алып койгон. Ал милицияга арыз менен кайрылган.

Бул факт боюнча Жазык кодексинин 201-беренеси (тоноочулук) менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Кылмышка шектелип Кызыл-Кыя шаарынын 16 жаштагы У.С. аттуу тургуну үйүнөн кармалган. Уурдалган телефон ээсине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button