Саясат

Акылбек Жапаров: Маалыматтык чабуулдар күтүлгөн нерсе болгон, бирок негизсиз болгондуктан, эч пайдасы жок

“Кумтөр” долбоорун реструктуризациялоо боюнча 2003-жылдагы жыйынтыктоочу документтерге менин колум коюлган эмес.  Бул тууралуу парламенттин экс-депутаты, экономика министри Акылбек Жапаров социалдык түйүндөрдөгү өз баракчасынан билдирди.

Ал белгилегендей, таркатылып жаткан анын колу коюлган аталган өкмөттүк документ анын салык жана бажы жыйымдары боюнча комитетинин жетекчиси катары көрсөтүлгөн документтердин узак сабындагы эң биринчилеринен болгон.

“Мен өзүм дагы бир нече жолу эл алдында белгилегенимдей, Кыргызстан үчүн ушундай таптакыр пайдасыз шарттарда алтын кенин реструктуризациялоо долбооруна каршы принципиалдуу көз караштарыман улам андан кийинки документтерде, анын ичинде канадалык тарап менен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктоочу протоколдорунда менин колум коюлган эмес.

Торонто шаарында өкмөттүк делегациялардын “Камеко” корпорациясы менен жыйынтыктоочу жолугушууларына мен катышкан эмесмин, аны протоколдор да тастыктап берет.

Мындай маалыматтык чабуулдар күтүлгөн нерсе болгон, бирок негизсиз болгондуктан,  эч пайдасы жок”, — деп билдирди Жапаров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button