ФОТО: Мөңгүлөр өтө тез ээрип, дүйнө коркунучка кабылды. Окумуштуулар катуу тынчсызданышууда

Мөңгүлөр бүт Жер жүзү боюнча өтө катастрофалык кыябда ээрип жатканы баамга урунууда, деп жазды hi-tech.mail.ru/news порталы.

Жакында эле окумуштуулардын Антрактидадагы муздун ээрүүсү артка кайра кайрылбай турган учурун болжолдогон жаңы иликтөөлөрү пайда болду. Эгер адамзат эмитен аракеттенбесе 2060 -жылы мөңгүлөрдүн ээрүүсүн токтотууга таптакыр мүмкүн болбой калат. Анын натыйжасында дүйнөлүк океандын деңгээли көтөрүлүп, Жерди суу каптайт.