Чүй милициясы коронавируска карата жасалма справка саткандарды кармады

Чүй облусунда коронавируска карата жасалма ПЦР-тесттерди чыгарып берип жүргөндөр колго түштү. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы билдирди.

Буга чейин милицияга Ысык-Ата районунун аймагында айрым адамдар жергиликтүү менчик клиника менен өз ара сүйлөшүп алып, акчага COVID-19 илдетине карата справка берип келгени тууралуу ыкчам маалымат түшкөн.

Укук коргоо органдары шектүү делген Чүй облусунун 25 жаштагы Х.А. аттуу тургунун кармашкан. Ал Whatsapp тиркемеси аркылуу документтерди жасатып, аны чет өлкөлөргө оор жүк ташуучу унааларды айдап иштеген айдоочуларга сатып келген.
Анализ учурунда тест тапшырылбай, дарыгер менен жолугушпай, текшерүүсүз эле справка даярдалган. Алдын ала маалыматка ылайык, аталган шектүү топ ушундай мыйзамсыз иш менен көп убакыттан бери алектенип жүргөн.

Чогултулган материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кылмыш кодексинин 359-беренеси (“Документтерди жасоо”) боюнча сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

Учурда бул ишке тиешеси бар башка тараптарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.