Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын футболчулары беттешет. Көрсөтө турган каналдар

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Япониянын спортчулары менен мелдешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Оюн Япониянын Суйта шаарындагы Panasonic стадионунда өтөт. 39 миңден ашык оруну бар стадион 2015-жылы ачылып, кийинки жылы клубдук дүйнө чемпионатынын төрт оюнун кабыл алган.

Мелдеш Бишкек убактысы боюнча саат 16:25те көрсөтүлөт. Түз эфирди жергиликтүү КТРК Sport, Kyrgyz Sport TV каналдарынан жана Sportrecs платформасынан табууга болот. Акыркы платформа Кыргызстандын аймагында гана жеткиликтүү.

Буга чейин курама команда Японияда эки беттеш өткөрүп, биринчисинде Монголиядан утулуп калса, экинчиде Мьянманы ири эсеп менен жеңген.