Улан Ниязбеков Чолпон-Ата шаарында туристтик мезгил учурундагы коомдук коопсуздукту камсыздоо даярдыгын текшерди

2021-жылдын 16-июнь күнү Чолпон-Ата шаарынын  эски аэропортунун аймагында Ысык-Көл облусунун ички иштер органдарынын өздүк курамынын катышуусунда гарнизондук саптык кароо өттү. Ага Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков, министрдин орун басары Октябрь Урмамбетов, Ысык-Көл ОИИБнын начальниги Канат Джумагазиев, Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусу  боюнча ыйгарым өкүлү Мирбек Кожоев, элдик кошуундун мүчөлөрү коомчулуктун жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.  “2021-жылга карата жайкы туристтик мезгилге даярдануу жана өткөрүү боюнча иш-чаралардын планын” аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги жана анын аймактык бөлүктөрү  жер-жерлерде 2021-жылдын жайкы туристтик мезгилинде жарандардын коопсуздукту, коомдук тартипти камсыздоого багытталган бир катар уюштуруучулук жана практикалык иш-чараларды өткөрүшүүдө.

Гарнизондук саптык кароонун жүрүшүндө  Кыргыз Республикасынын ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков төмөндөгүлөргө токтолду. “Бүгүнкү гарнизондук бөлүштүрүүнүн эң башкы максаты – жайкы туристтик мезгил учурунда өлкөбүздүн жалпы аймагында коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу болуп эсептелет. Ошого байланыштуу, туристтик сезон учурунда бардык ички иштер органдарына негизги эки багытта иш алып барууну тапшырам. Биринчи: Коомдук жайларда, көчөлөрдө, эс алуучу жана ден-соолукту чыңдоочу жайларда коомдук тартипти сактоону жеткиликтүү деңгээлде уюштуруп,  жергиликтүү жана чет элдик жарандарды ар түрдүү кылмыштарга жана криминалдык окуяларга кириптер болуусун алдын алуу иштерине өзгөчө маани берүү керектигин баса белгилеймин.

Экинчи: Коомдук тартипти сактоо менен бирге, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздап, жол кырсыктарына бөгөт коюу үчүн күчөтүлгөн тартипте иш-чараларды уюштуруп, жергиликтүү бийлик органдары, тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге тыгыз байланышта иш алып барып, анын натыйжасында элге коопсуз шарттарды түзүп  берүүнү тапшырамын.

Ким гана болбосун, өлкөбүздүн жарандары болобу же чет элден келген коноктор болобу мыйзам алдында баары бирдей тең. Ошондуктан, эл арасында укук бузууларга жол берилбеши керек.

Коомдук тартипти камсыздоого тартылган кызматкерлер тарабынан профилактика иштери жүргүзүлүп, адамдардын ден соолугу менен өмүрүнөн баалуу эч нерсе жок экендиги, жолдо жүрүүдө же эс алууда ар кандай кырсыктарга себеп боло турган эскертүү иштери алып барылсын.

Жарандардын өмүрү менен ден соолугу жол кырсыктарынан “согуш” мезгилиндей эле жабыркап жатат. Ага эң биринчи ар бир айдоочу жооптуу экендигин сезбей жатышат. Биз алардын ар бирине ар бир жарандын ден соолугу менен өмүрү алардын колунда экендигин, аларды эң жакын адамдары жол карап күтүп жатышкандыгын эскертишибиз керек. Ылдамдыкка берилбей, жол эрежелерин туура сактоого, чарчаган убакта эс алып алып жолго чыгууларын суранабыз. Жол кырсыктарын, анын ичинде оор кесепеттер менен коштолгон жол кырсыктарын алдын алуу боюнча эл арасында, айдоочулар арасында, эс алуучулар арасында облустук, шаардык ички иштер башкармалыктарынын, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчилиги жана басма сөз кызматтары эл арысында түшүндүрүү жана пропаганда иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү керектигин дагы бир жолу эскертемин. Туристтик мезгил  учурунда жардамга муктаж болгон бардык жарандарга жеринде сервистик тейлөө көрсөтүп, тиешелүү жергиликтүү бийлик органдары, өзгөчө кырдаалдар кызматы, коомчулук менен биргеликте элге ыңгайлуу жана жагымдуу коопсуз шарттарды түзүүнү ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткарууну  республикалык деңгээлде бардык ички иштер органдарынын жетекчилик курамына тапшырамын. Дүйнөлүк туристтик көз караш боюнча алганда, эс алуучулардын басымдуу бөлүгү коронавирус илдетинен сактанып, ден-соолукту чыңдоо үчүн көлдүн жана суунун жээктеринде, тоолордо жана жаратылыштын кооз жерлеринде көбүрөөк эс алганга басым жасашууда.

Ошондуктан, эс алуучуларга карата ар түрдүү жат көрүнүштөрдү, кылмыштуу кол салууларды алдын алып, адамдардын, анын ичинде жаш балдардын кырсыкка учурап калуусун, сууга чөгүп кетүүсүн же дайынсыз жоголуусун алдын алуу үчүн, коомдук коопсуздукка тартылган кызматкерлер күнү-түнү натыйжалуу иш алып баруусу учурдун талабы. Милициянын айылдык, шаардык, райондук бөлүктөрдөгү, облустук башкармалыктардагы ыкчам-тергөө топтору күчөтүлгөн тартипте иш алып барып, эс алуучу жайларга, атайын белгиленген участокторго, аймактарга, бөлүштүрүлгөн авто жана жөө кайгуулдар, “Милициянын көчмө кабылдамалары” элге жана чет элден келген жарандарга жеринде сапаттуу ишмердик  көрсөтүшсүн.

Алдын алуу иштерин алып баруу учурунда, жардамга муктаж болгон биздин жарандарыбыз жана чет элден эс алууга келген туристтерге ылайыктуу шарттарды түзүү максатында жарнамалык багыттамаларды колдонуу менен биринчи жардам алууга мүмкүндүктөр түзүлсүн.  Бардык жетекчилер жана алардын кол алдындагы кызматкерлер элге сылык жана маданиятуулук менен мамиле жасап, элдин кандай гана көйгөйү болбосун, ошол ыкчам жана тез чечүүгө аракеттерди көрсүн. Биздин жарандарыбыз, анын ичинде чет элден келген эс алучулар эс алуудан мурда тейлөөгө көңүл буруп, анын негизинде жыйынтык чыгарат. Ошондуктан ички иштер органдарынын кызматкерлери жарандардарга болгон мамиледе жогорку деңгээлдеги кызмат үлгүсүн көрсөтсүн жана ошондой эле санитардык-эпидемиялык нормаларды так сактап, кызматкерлер арасында мыйзам бузууларга жол берилбесин.

Аны менен бирге, милициянын функциясына туура келбеген текеберленүү, бой көтөрүү, өз милдетин аткарбай көңүл коштук мамиле жасоо деген жат көрүнүштөр болбосун, эгерде андай фактылар байкала турган болсо алар катуу жазага кириптер болууга тийиш. Анткени биз жарандарга жогорку даражадагы сервистик тейлөөнүн, кызмат кылуунун  жаңы баскычтарын жана үлгүлөрүн көрсөтүүгө тийишпиз. Туристтик мезгил  учурунда элдин коопсуздугун камсыздап, алдыга коюлган талаптарды натыйжалуу аткарууга милдеттүү экендигибизди дагы бир жолу баса белгилеймин.

Коюлган тапшырмаларды так аткарып, белгиленген максаттарга жете аласыздар деп терең ишенем. Өлкө үчүн, эл үчүн өтөп жаткан кызматыңыздарга ийгиликтерди каалайм”,-деди ИИМ башчысы Улан Ниязбеков.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин тиешелүү кызматтары  азыркы учурда Кыргыз Республикасынын күч түзүмдөрүнүн ишеним номурлары жана ыкчам жардамдын номурлары, туристтердин укуктары, мамлекеттик органдардын ыйгарымдары, туристтерге зарыл боло турган тиешелүү кызматтардын номурлары, Кыргыз Республикасынын аймагында жол кыймыл эрежелерин бузгандыгы үчүн каралган жоопкерчиликтерди камтыган маалыматтары бар атайын материалдар  даярдалды.   Бул плакаттар чет өлкөлүк туристтердин жана коноктордун Кыргыз Республикасынын аймагына кирип жаткандагы негизги пунктарына орнотулат.

 2021-жылы жайкы туристтик мезгилге даярдык көрүү жана өткөрүү учурунда жарандардын жана чет элдик туристтердин коопсуздугун жана коомдук тартипти камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө 2021-жылдын 14-майында ИИМдин  № 247-т тескемеси чыгарылып, зарыл иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Күч каражаттарынын эсеби түзүлүп, жайкы туристтик мезгилде курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелери жана элдер көп эс алуучу жайлардын аймагында, коомдук тартипти ички иштер органдарынын кызматкерлери жана   элдик кошуундун мүчөлөрү камсыздашат.

Жайкы туристтик мезгил учурунда укук тартибин жана жарандардын коопсуздугун сактоого катышкан күч-каражаттарды натыйжалуу пайдалануу жана алардын ишмердигин координациялоо максатында, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Бостери айылдык милиция бөлүмчөсүнүн базасында убактылуу ыкчам штаб түзүлүп иш-чараларды жүргүзүүдө.

Милициянын кызматкерлери жарандардын арыз-дооматтары боюнча ыкчам чара көрүү жана аларга керек учурда жардам берүү үчүн күнү-түнү кызмат өтөшөт. Жайкы туристтик мезгил убагында, көл жээгинде  Ысык-Көл облусунун курорттук ден соолукту чыңдоо мекемелеринин жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен милициянын кезметтери уюштурулат.

Туристтердин коопсуздугу үчүн  республиканын унаа жолдорунда, көчөлөрдө,  эл көп чогулган жерлерде, андан сырткары эс алуу жайларында Кыргыз Республикасынын ИИМдин ЖКККББнын кызматкерлеринин бирдиктүү постторунун дислокациясы жана кайгулдоо каттамдары иштелип чыкты.

2021-жылдагы жайкы туристтик мезгилди өткөрүү маалында чет өлкөлүк жарандарды, конокторду балдарды эс алуучу жайларга, курортторго ташыган  жалпы колдонуудагы транспорт каражаттары менен маршруттук таксилердин айдоочуларына Жол кыймылынын эрежелерин жана коомдук тартипти кынтыксыз аткаруу боюнча алдын алуу багытындагы маектешүүлөр уюштурулат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында «Кордай (Казахстан) – Бишкек, Манас аэропорту -Бишкек, Түндүк айланма жолу-Бишкек, Бишкек-Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол», «Ош-Бишкек, Ош-Чоң Алай, Ош-Баткен, Бишкек-Торугарт» унаа жолдорунда  ИИМдин ЖКККББнын орнотулган  көчмө посттору менен ИИОнун кызматкерлеринин кызмат өтөөлөрү ЖКККББнын кызматтык унаалары менен гана дислокацияга ылайык ишке ашырылат. Расмий делегацияларды, балдарды эс алуу жайларына ЖКККББнын кызматтык унаалары менен коштоп баруу уюштурулат.

Жайкы туристтик сезонду өткөрүү маалында «Бишкек-Нарын-Торугарт», «Балыкчы-Чолпон-Ата-Каракол»,  «Бишкек-Ош» унаа жолдорунда,  «Төө Ашуу»,  өтмөгүндө ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын күнү-түнү иштеген посту иштеп баштайт. Андан сырткары тез жардам кызматы, ӨКМ менен биргеликте нөөмөт уюштурулуп,  укук бузуулар болгон жерлерге ыкчам барып, жабырлануучуларга  медициналык жардам көрсөтүлөт.

Мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, өздүк курам арасында укукка каршы аракеттерге өз убагында бөгөт коюу  максатында  жайкы туристтик мезгилде Ысык-Көл облусттук ИИБнын кызмат жетекчилеринен жана ага офицердик курамынан офицердик патруль уюштурулат.

 ИИОнун өздүк курамына күн сайын мыйзамдуулукту жана кызматтык тартипти сактоо, жарандар, анын ичинде чет өлкөлүктөр менен маданияттуу, сылык мамиле жасоо жөнүндө нускамалар өтүүдө.

ИИМдин Басма сөз кызматы