Коом

Казакстан Кыргызстандан ичимдик менен минералдык сууну көп сатып ала баштады

Кыргызстан спирт ичимдиги менен минералдык сууларды экспорттоонун көлөмүн көбөйттү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин маалыматында жазылган.

Ушул жылдын алгачкы төрт айында Кыргызстан жалпысынан 80,8 миң долларга 320 миң литрден көп минералдык суу экспорттогон.

Былтыркы жылдын ушул эле айларында 87 миң литр минералдык суу сатылган. Аталган продукция айрыкча Казакстан менен Өзбекстанга көп экспорттолгону айтылды. Казакстанга товар сатуу мындай тездик менен өсүп жатканы менен Кыргызстандан эң көп минералдык суу алган өлкө болуп Өзбекстан кала берет.

Спирт ичимдиги да сыртка көп экспорттолуп жатканы маалым болду. 2020-жылдын январынан апрель айына чейин 250 миң долларга 83 миң литр спирт ичимдиги сатылса, быйылкы жылдын ушул эле алгачкы төрт айында 235 миң литр спирт ичимдиги экспорттолгон. Ал 824 миң долларга бааланган.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button