Коом

Июль айында аба ырайы жылдагыдан ысыгыраак болот. Кыргызгидрометтин маалыматы

Кыргызгидромет июль айына карата аба ырайы тууралуу маалымат таратты.

Чүй облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градуска жогору болуп, 24…26 градуска жетет.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18 градустан 19…24 градуска чейин жылыйт. Күндүз бул көрсөткүч 25…30дан 34…39 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлүүдө.

Кемин өрөөнүндө жана тоо этектериндеги райондордо абанын температурасы түнкүсүн 8…13 градус жылуулуктун тегерегинде болуп, күндүз 20…25тен 27…32 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (18-23 мм, тоо этектеринде 50-62 мм).

Талас облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 21…23 градус жылуу болору божомолдонууда.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 градустан 15…20 градуска чейин жылыйт. Күндүз 24…29дан 32…37 градуска чейин ысык болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормадан аз болушу күтүлүүдө (16-20 мм).

Ош облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 25…27 градуска, тоо этектеринде 22…24 градуска жетет.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18 градустан 19…24 градуска чейин, күндүз 26…31ден 35…40 градуска чейин ысыйт.

Тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн 15…20 градуска чейин, күндүз 22…27ден 31…36 градуска чейин өзгөрүлүп турушу күтүлөт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болот (9-12 мм, тоо этектеринде 26-28 мм).

Жалал-Абад

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градус жогору болуп, 25…27 градус, тоо этектеринде 22…24 градуска чейин ысык болору күтүлүүдө.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18ден 19…24 градуска чейин, күндүз 26…31ден 35…40 градуска чейин ысышы күтүлүп жатат.

Тоо этектеринде абанын температурасы түнкүсүн 9…14 градустан 15…20 градуска чейин, күндүз 22…27 градустан 31…36 градуска чейин ысык болот.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын (13-15 мм, тоо этектериндеги райондордо 60-71 мм).

Баткен облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык нормадан 1 градустан жогору болуп, 25…27 градус, тоо этектеринде 22…24 градус ысык болушу күтүлөт.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 13…18ден 19…24 градуска чейин, күндүз 26…31ден 35…40 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлүп жатат (15-17 мм, тоо этектеринде 22-24 мм).

Ысык-Көл облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 18…20 градус жылуу болушу күтүлүүдө.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн +10…+15 градустун тегерегинде болуп, күндүз 18…23төн 27…32 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болору божомолдонууда (30-45 мм, чыгышында 60-81 мм).

Нарын облусу

Абанын айлык орточо температурасы климаттык норманын чегинде болуп, 18…20 градуска жетет.

Ай ичинде абанын температурасы түнкүсүн 4…9дан 11…16 градуска чейин, күндүз 19…24төн 29…34 градуска чейин ысыйт.

Жаан-чачындын айлык көлөмү нормага жакын болушу күтүлөт (24-41 мм).

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button