2021-жылдын 16-июнь күнү Кара-Суу РИИБдин ЭММКАКнын экстремизмге каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан, буга чейинки козголгон кылмыш ишинин негизинде жүргүзүлгөн иш -чаралардын натыйжасында, Кара-Суу районунун тургуну 23 жаштагы Г.А. аттуу жаран кармалган.
Аталган жаран “Хизбут-Тахир” диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү катары жүргөн, тагыраак айтканда Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахир” диний-экстремисттик уюмунун аудио-видео материалдарын, жана отрибуттарын социалдык тармактардын бирине таратып жүргөндүгү аныкталган.
Шектүү Кыргыз Республикасынын Жазык -Процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына 48 саатка камакка алынды, учурда тергөө амалдары уланууда.
Ал эми, аталаган кылмыш ишинин алкагында башка да кылмыштуу шериктерин аныктоо максатында ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.
Ош ОИИБдин Басма сөз кызматы