Окуялар
Бишкектеги Ботаникалык бактан чыккан өрт өчүрүлдү
Бишкектеги Ботаникалык бактан чыккан өрт өчүрүлдү, — деп билдирет КР ӨКМдин маалымат кызматы.
Маалыматка ылайык, 19-июнда Ботаникалык бактын ачык аянтында куураган чөптөн өрт чыккан. Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 16:25те толугу менен өчүрүлгөн.