Саясат

Жапаров: Ишкер — бул экономиканын жана инновациянын өнүгүшүнүн кыймылдаткычы

«Ишкер — бул экономиканын, коомдун жана инновациянын өнүгүшүнүн кыймылдаткычы», — деп белгиледи Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 23-июнда, бизнес-коомчулук менен жолугушууда.

Мамлекет башчысы соңку күндөрү инфекциянын жайылышы күчөп, абал барган сайын курчуп баратканын баса белгиледи. Ага карабастан карантиндик катаал чектөөлөр киргизилген жок, анткени экономика өтө чабал акыбалда.

Анын айтымында, өлкө экономикасы бүгүнкү күндө кош кысымдын алдында калды. Бир жагынан, коронавируска байланыштуу киргизилген чектөөлөрдүн айынан товарлардын жүгүрүүсү кыскарды, экинчи жагынан, дүйнөнү тооруган экономикалык кризистин кесепети бизди кыйгап өткөн жок.

«Бүгүнкү жолугушууну ак эмгеги менен өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң салым кошуп жаткан бардык ишкерлерге салам айтуу жана ыраазычылык билдирүү менен баштоого уруксат этиңиздер. Силердин ак эмгегиңер, карандай мээнетиңердин аркасында жумуш орундары түзүлүп, салыктар төлөнүп, өлкөнүн бюджети толтурулууда. Калкты керектүү товарлар менен камсыздап, кызмат көрсөтүп, азык-түлүк коопсуздугун сактоого үлүш кошуп келесиздер», — деп белгиледи Садыр Жапаров бизнес-коомчулукка кайрылып.

Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө өлкөбүздүн экономикасынын дээрлик 85 пайызын ишкерлер түзөрүн баса белгиледи. Ошол себептен, жалпы эле мамлекеттик органдардын жетекчилеринен баштап катардагы кызматкерлерине чейин ишкерлерге болгон мамилени түп тамырынан өзгөртүүлөрү зарыл. Өлкө экономикасы чечкиндүү чараларды талап кылууда. Кыргызстанга тез жана көзгө көрүнө турган натыйжалар керек.

Садыр Жапаров белгилегендей, эгемендүүлүктү алгандан бери Кыргызстандын экономикалык өнүгүү деңгээли салыштырмалуу төмөн деңгээлде.

«Кыргызстан дагы эле жакырчылыкты жеңе албай келе жатат. Өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээли дээрлик 25 пайызга жетти, ал эми, алыскы аймактарда 40 пайызга чейин жетүүдө. Бул сандар региондордун экономикалык өнүгүүсүндө олуттуу диспропорция сакталып жатканын билдирет.

Ошондуктан, биз шаардын жана региондордун жарандарынын ортосундагы киреше айырмасын азайтууга тийишпиз аларды минималдаштыруу зарыл», — деп билдирди президент Садыр Жапаров.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button