Дүйнө

СOVID-19: Индонезияда коронавирус жайылып жатат

Калкынын саны 270 миллион адамды түзгөн бул өлкөдө СOVID-19 вирусунун “дельта” варианты тарап, ооруканаларда орун жетишпей жатат. Расмий маалыматтар боюнча, вирус кесепетинен көз жумгандардын саны соңку айда беш эсеге көбөйүп, күн сайын 1000 кишиге чамалады. Пандемия маалында каза болгондор расмий түрдө 63 700 киши деп эсептелгени менен иш жүзүндө андан көп болушу мүмкүн.

Өлкөнүн борбору Жакартадагы беш көрүстөндүн төртөө коронавирустан каза болгондорго толуп калды.

Ал эми Азиядагы дагы бир өлкө Жапониянын борбору Токиого Олимп оту кайтып келди. Коронавирустан улам факелди кабыл алуу иш-чарасына көрүүчүлөр катышкан жок. Пандемия кесепетинен бир жыл кечигип өтүп жаткан спорттук мелдешке көрөрмандар киргизилбейт.

Токиодогу жайкы Олимп оюндары 23-июлда башталып, 8-августка чейин уланат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button