Коом

«Ата-бейит» мемориалдык комплексиндеги түндүктү көтөрүү жакшы демилге

Учурда “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги түндүк тууралуу коомчулукта ар кандай пикирлер айтылууда. Айрымдар бул комплекстеги түндүктүн алынышы  боюнча туура эмес пикирлерди жаратып, коомчулуктун оюн тетири бурганга аракет жасашууда.

КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Жаныш Кулмамбетов  Ата-Бейиттеги түндүк тууралуу пикирин билдирди:

-Албетте, искусстводо образдуулук, метафора биринчи орунда турат. Минтип айтканым, «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги улуу жазуучунун бейитинин үстүнө коюлган түндүк искусстовонун тундусу болуп саналат. Бирок, ошол эле учурда, кандай гана көркөм чыгармачылык ой жүгүртүү болбосун ал элдин салт-санаасынын, дүйнө карашынын кыртышында жаралат. Андыктан, Ч. Айтматовдун бейитинин үстүнө коюлган түндүккө карата «кыргызда түндүк жерде жатпаш керек», деп коомчулук козгогон маселелеге сөзсүз көңүл буруу абзел. Акыйкаттан эле, кыргыз элинин дүйнөнү таанып-билүүсүндө, философиялык түшүнүгүндө түндүктүн жерге түшүп калганы өтө жаман жөрөлөгө болуп саналат. Мен автордун оюн түшүнүп турам, улуу жазуучунун жарыкчылыктан өтүшүн «түндүгүбүз түштү» маанисинде бергиси келгенин. Бирок, дегеле, менимче, бейит үстүнө түндүктү коюштун кажети жок болчу. Боз үй тирүүлөр жашай турган турак. Түндүк тирүүлүк үчүн көтөрүлөт. Бирок, мынча болгон соң, түндүктү көтөрүп, төбөсүн бийиктетүү туура, -деди Кулмамбетов.

Кыргыз эл артисти Каныкей Эралиева “Ата-Бейит” мемориалдык комплексиндеги түндүк тууралуу төмөнкүлөрдү айтты:

-Кыргызда түндүк ылдый түшпөшү керек деген ата-бабаларыбыздан калган салт санаа, сөз бар, Кыргыздын руху, касиети качат дейт.  Албетте, түндүктү бийик көтөрүү демилгеси туура. Учурда коомчулукта түндүктүн жерде жатышы ар кандай жагымсыз пикирлерди жаратып жатат. Элге көрсөтпөй эле оңдоп койсо жакшы болмок. Эл да жакшыдан да жамандык издебеш керек эле. Жаманды да жакшы дей берсе  жаман да жакшы болот. Ошондуктан ниетибизди оңдойлу, сөздүн күчү бар, жакшыга ниет кылалы. Түндүктүн жерде эмес, бийик болгону жакшы демилге жана аны колдош керек. Пейилибизди, ниетибизди оңдосок баары жакшы болот,- дейт Каныкей Эралиева.

Эскерте кетсек, «Ата-Бейиттеги” Чыңгыз Айтматовдун күмбөзү 2013-жылы жазуучунун 85 жылдыгына карата курулуп бүткөн.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button