Жапаров: Эч ким эч кимди вакцина алууга мажбурлабашы керек

Бүгүн, 23-июлда президент Садыр Жапаров уулу менен коронавирус инфекциясына каршы эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.

Президент кыргызстандыктарга кайрылып, вакцина алуу чечими ар бир адамдын жеке иши экенин, эч ким эч кимди иммунизацияга мажбурлабастыгын айтты.

Анын айтымында, акыркы убактарда коомчулукта ар кандай чындыкка дал келбеген маалыматтар, анын ичинде коңшу өлкөлөр Кыргызстанга бекер вакцина берип, өлкө калкынын 70% ын эмдөөдөн өткөрүүнү талап кылып жатат деген туура эмес маалыматтар тарап жатат.

Садыр Жапаров жарандарды жакындарынын жана жалпы коомдун саламаттыгын коргоо үчүн эмдөөдөн өтүүгө дагы бир жолу чакырды.