Эртең Айсулуу Тыныбекова беттешке чыгат! Анын алгачкы атаандашы белгилүү болду

Кыргызстандык белгилүү балбан Айсулуу Тыныбекованын Олимпиада оюндарындагы алгачкы атаандашы белгилүү болду. Бул тууралуу КРдин Күрөш федерациясы кабарлады.

Ага ылайык, 3-августтагы беттештердин чүчү кулагы тартылып, Тыныбекова латвиялык Анастасия Григорьева менен күрөшмөй болду. Спортчулар 1/8 финалдан баштайт. Килемдеги салмактары 62 килограмм.

31 жаштагы Григорьева Европа чемпиону, Европа оюндарынын жеңүүчүсү жана дүйнө чемпионатынын байге ээси.

Ошондой эле грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбековдун да биринчи каршылашы аныкталып, венгриялык Виктор Лёринц менен кез келет. Алар дагы 1/8 финалдан баштайт, салмактары 87 килограмм.

Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 08:00дө башталат. КТРК Спорт каналы түз эфирден көрсөтөт.