Спорт

Олимпиада -2020. Бүгүн кыргызстандык спортчулардын беттештерин Ала-Тоо аянтынан көрүүгө болот


Бүгүн кыргызстандык спортчулардын беттештерин Токиода өтүп жаткан Олимпиада оюндары Бишкектин борбордук аянтында чоң экранда көрсөтүлөт.

Көрсөтүүнү Бишкек мэриясы уюштурууда.

Бишкектиктер жана борбор калаанын коноктору Ала-Тоо аянтына саат 15.00дө келсе болот.

Белгилей кетсек, Бишкек убактысы боюнча саат 15.15те Айсулуу Тыныбекованын жарым финалдагы мелдеши болот.

Ал эми саат 16.30да Акжол Махмудов финалда беттешет.

Ошондой эле саат 17.55те Мээрим Жуманазарова коло медаль үчүн ат салышмакчы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button