Маданият

ЖАНЫШ КУЛМАМБЕТОВ: «МАНАС» ЖАНА МАРТ РЕВОЛЮЦИЯСЫ

Кыргызстанда «Манас» үчилтигинин негизинде «Манастын уулу Семетей» фильми тартылып, соңуна жакындап келе жатат. Тарыхтан «Манас» эпосу боюнча көркөм фильм жаратуу далаалаты буга чейин да эки ирээт болгонун билебиз. Биринчиси, Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде, экинчиси кечээ жакында эле, мындан 18 жыл илгери. Биринчи аракет фильм тартуу борюнча долбоордун жетекчиси акын жана драматург Жоомарт Бөкөнбаевдин автоавариядан каза болгонунан улам токтотулган. Ал эми экинчисинин тартылбай калышына 2005-жылдагы март революциясы себепкер дейт, драматург, искусство иликтөөчү, режиссер жана журналист, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Жаныш Кулмамбетов. Бул туурасында ал өзүнүн фейсбук баракчасына жазып чыкты.

«Мындан дээрлик он алты — он жети жыл мурда «Манас» эпосу масштабдуу киносериал катары киноэкранга чыгарылмак, эгерде 2005-жылкы март төңкөрүшү каргаша болбогондо… 2003-жылы «Манас» эпосун Кыргыз-Кытай көп сериялуу киносериал кылып биргелешип тартуу демгилгеси менен Кытайдын Кызыл — Суу автономиялуу областынын ошол кездеги губернатору Мамбет Асан кыргыз тарапка — Кыргыз мамлекеттик теле-радио компаниясына кайрылат. Кыргыз жак макул болуп, кытайлыктар менен «Манас» фильмин тартуу боюнча талкуу уюштуруу үчүн делегация жиберилет. Биринчи делегациянын составына манасиликтөөчү, илимпоз Самар Мусаев, драматург Бексултан Жакиев, Кыргыз мамлекеттик телевидение жана радио корпорациясынын биринчи вице — президенти, режиссёр Бейшенбек (Молдосейит) Мамбетакунов, Кыргыз мамлекеттик кинематография агенттигинин директору Муктаалы Бектеналиев барышат. Биринчи жолугушууда болочок фильм кайсы варианттын негизинде тартылыш керек — кытайлык кыргыз манасчылардыкынынбы, же Келдибек баштаган алатоолуктардыкынынбы деген талаш маселенин тегерегинде дискуссия болгон экен. Кыргызстандан барган делегация менен кытайлык кыргыз илимпоздору, көркөм — чыгармачылык интеллигенциясы кенен талкуу өткөрүшүптүр. Ушундан соң дагы бир ирээт Кытайда талкуу өткөрүп, сценардык топту, режиссёрлорун тактап, бир пикирге келишүү боюнча макулдашылат.

«Манастын уулу Семетей» спектакли. Каныкей — Кыргыз ССРинин эл артисткасы Мираида Далбаева

2004-жылдын февраль айынын башында Жеңишгүл Өзүбекованын сунушу боюнча «Айтса — айтпаса төгүнбү» аттуу телекөрсөтүүнү алып бара турган болуп, биринчисине чыгып, «Манасты» кыргыздын көпчүлүк карапайым калкы гана эмес, чыгармачылык интеллигенциясы да жакшы билбей турганын, аягына жеткире окушпагаганын айтып калдым (баса, азыр деле абал ошондой эле — “Манас” тууралуу тилин безеп сүйлөп жаткандардын көбү эпосту жакшы билишпейт). Көрсөтүүнүн эртеси эле Жеңишгүл «Айтикеевга кирип чыкчы, сени чакыртып атат», деди. Анда Т. Айтикеева теле-радио корпорациянын президенти болчу. Айтикееванын кабыл алуусуна кирдим. Ал киши эки тарап биргелешип «Манасты» тарткан жатышканын, ошонун сценардык тобуна кошулбайсызбы деп сунуш этип калды. «Ойлонуп көрөйүн» дедим. Бул жообум президентке жакпай калды окшойт, «Башкалар мени кошуңуз деп эшигимди жыртып атышса, сиз ойлонуп көрөйүн дейсиз» деди, мага нааразы боло. «Алар «Манастын» масштабын билбегендиктен ошентип атышса керек. Мен өмүр бою «Манасты» изилдеген кишимин. Ошон үчүн мен буга даай албайм» дедим. «Ойлонуп көрүңүз» деди, президент кабагын бүркөп. Арадан үч — төрт күн өткөн. Эч нерсе капарымда жок, өзүмдүн чыгармачылык иштерим менен алек болуп жатсам, Айтикееванын секретары чалып «Сизди президент сценардык топко кошту. Кытайга барасыз, паспортуңуз керек, билет алганга» деди. «Менин макулдугумсуз элеби?» деп таң калып турдум.

«Айчүрөк» операсы. Айчүрөк — СССРдин эл артисткасы Сайра Кийизбаева,
Семетей — Кыргыз ССРинин эл артисти Кыдырбек Чодронов.

Кыскасы, экинчи жолку Кытайга сапарда, биринчи барып келген топко кошулдум. Бул жолу делегацияны телекорпорациянын президенти Т. Айтикеева өзү баштап барды, анткени биргелешкен келишимдерге кол коюлмак экен. Негизги талкуу Пекиндин өзүндө өттү. Ошол жерден билдим, киносериал 20 сериядан тураарын, 5 миллион доллар бөлүнөөрүн, ал акчаны адабиятчы, акын жана ишкер, ага чейин Кытай коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинин идеологиялык бөлүмүнүн башчысы болгон миллиардер Хуан Нубо берип жатканын. Пекиндеги талкууда негизги маселе дагы эле «Манас» кайсы варианттын негизинде тартылат деген суроонун тегерегинде жүрдү. Эки тарап бир пикирге келе албай жатканыбызда, бир чети арбитр катары, бир чети «Манасты» көп жылдан бери иликтеп, сегиз том жазган абройлуу окумуштуу катары Лан Ин келди, талкууга. Ал «Манастын» сценарийин Кыргызстандагы салтташып калган вариант менен жазыш керек деген пикирин айтты. Окумуштуунун сунушу эки тараптан тең кабыл алынып, сценарист катары үч автор бекитилди. Кыргызстандан Б. Жакиев жана мен, Кытай тараптан Жан Руй деген кинодраматург. Биздин колго кытайлыктар 30 сериялуу «Чыңгыз хан» киносериалын беришти, ушуну үлгү катары пайдаланасыңар деп. Кыргызча, же орусча которулбаган, костюмдук фильм катары иштелген кытай киносериалы экен. Демек, биздин фильм да костюмдук сериал болот турбайбы деп ойлодум ичимен. Жан Руй биринчи жазып бүтүп, кыргызчага котортуп бизге жөнөттү. Ал эмнегедир Жусуп Мамайдын варианты менен иштептир. Бексултан аба келишим түзмөйүнчө жазбайм деп баш тарткан үчүн Кыргызстан тараптан 20 серияны толук мен жазып бердим. Ал кытай тилине которулду. Сценарийим костюмдук сериалга ылайыкталбай эле, кадимкидей эпостун окуяларры кенен камтылып, экшн фильмге туура келээрликтей, кара сөз түрүндө, бирок улуу дастандын өзүндөгүдөй рифмалаштырылып иштелди.

«Айчүрөк» операсы. Айчүрөк — СССРдин эл артисткасы Кайыргүл Сартбаева

«Манас» Кыргызстанда, кыргыз киночуларынын, кыргыз артисттерин күчү менен тартылат, режиссёрдон экөө болот — башкысы Кытай тараптан, экинчиси Кыргызстандан деп макулдашуу жүргөн. Сүрөтчүсү да Кыргызстандан болмок болду. Артисттери бизден тандалмак. Фильмди тарта турган техниканы Кытай тарап бермек. Ошол учурда «Манаска» каражат бөлүп аткан Хуан Нубо Ысык — Көлдөн эларалык гольф клубун түзүш үчүн арендага жер сураган экен. Ал кезде Токон Шайлиева губернатор болчу. Жаңылбасам Көлдүн күңгөй тарабынан жер бөлүнмөй болду. Кыргыз бийлигинин жооптуу орунда олтурган айрым бир жетекчилери Хуан Нубо шпиондук кылыш үчүн атайын жер сурап жатыптыр деп айтып атышканын да угуп калдык. Аңгыча эле, көз ачып — жумгуча март төңкөрүшү болуп кетти. Төңкөрүштөн кийин Хуан Нубо баш болгон кызыкдар топ келген экен, фильмдин тагдыры эмне болот деп. «Азыр «Манасты» тартуунун зарылдыгы жок», деп жооп бериптир, ошол учурда Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеп турган белгилүү ишмер. Аны мага Кызыл — Суу автономиялуу областынын Бирдиктүү фронтунун башчысы Жумак Кадыр телефондон кабарлады.

Мен эзотерик да, мистик да эмесмин, тек гана ал долбоор саясий төңкөрүшкө туш келип калды деп ойлоймун. Болбосо, «Манас» боюнча ошол киносериал тартылса — эпостун негизинде анын бүтүндөй сюжетин камтыган алгачкы масштабдуу фильм болмок.

Эми улуу эпос боюнча тартылган алгачкы фильм «Манастын уулу Семетей» боло турган өңдөнүп турат… Фильм кыргыз элине жага тургандай иштелип, улуу эпостун таалими кийинки муунга тийсе экен деп, жакшы тилек кылып туралы», деп жазды автор.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button