Коом

ИИМ: Жабырлануучудан шантаж жолу менен акча талап кылган жаран кармалды

IT тармагын өздөштүргөн жаран кыздын ар-намысына шек келтирген маалыматты таратам деп коркутуп, шантаж кылып, ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган. 

Белгилей кетүүчү нерсе, шектелген адам заманбап маалыматтык технологияларды жакшы билет.  ИИМдин КИББдин Чүй жана Талас облустары боюнча уюшкан кылмыштуулук  менен күрөшүү бөлүмүнүн  ыкчам кызматкерлери Биринчи май райондук ИИБнын ШМБ-5 тергөө бөлүмчөсү менен биргеликте кылмышкерди аныктоо үчүн далилдерди кылдаттык менен чогултушкан.

Опузалап талап кылган жаран издерди адаштыруу үчүн бир нече абоненттик номурларды колдонгон жана акча бир нече эсептер аркылуу иштетилип, андан кийин гана анын колуна тийген. Анын мыйзамсыз аракеттери укук коргоо органдарынын кызыгуусун жараткан. Бишкек шаарынын тургуну милицияга үстүбүздөгү жылдын башында WhatsApp аркылуу акча каражатын опузалап жаткан белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчү менен кайрылгандан кийин башталган.  

Жабырлануучу милицияга кайрылганга чейин эле, шектүү шантаж жана коркутуу жолу менен бир топ сумманы -200 миң сомду талап кылганы аныкталган.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси “Опузалап талап кылуу”  менен кылмыш иши козголгон. Кылмыш ишинин алкагында опузалап акча талап кылган адамды аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлдү.

Январь айынын ортосунда шектүү жаранга 10 миң сом өлчөмүндө акча талап кылынган сумма жөнөтүлгөн. Тергөөнүн жүрүшүндө акча бир нече эсеп аркылуу өткөнү, андан сырткары өткөн жылдын декабрь айында паспортун жоготкон жарандын маалыматтары колдонулганы аныкталган. Сурак учурунда аталган жаран акча которууларды билбегендиги жана жүргүзбөгөнү белгилүү болду.  Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында шектүү аныкталып, ал Нарын облусунун тургуну 1995-жылы туулган Т.К.  кармалды. 

Кармалган жаран Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилген. Тергөө иштери жүрүп жатат. 

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Кийинкини кара
Close
Back to top button