Айсулуу Тыныбекова Париж Олимпиадасына катыша турганын билдирди

Бүгүн, 23-август күнү президент Садыр Жапаровдун катышуусунда Токио шаарындагы XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлери жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаттуу аземи өтүүдө.

Аталган аземде Олимпиаданын күмүш медалынын ээси Айсулуу Тыныбекова сөз сүйлөдү.

“Буйруса, ден соолукта болсом, Парижде өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына катышам. Алтын медаль алууга болгон күчүмдү жумшайм. Бардыгыңыздардын колдооңуздарга жана ишенимиңиздерге ыраазычылык билдирем”, – деди Тыныбекова.

Белгилей кетсек, Айсулуу Тыныбекова Токиодогу Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасында күрөш боюнча мелдештин күмүш медалын тагынды. Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында күмүш медаль багындырса, ал эми Мээрим Жуманазарова коло байге утту.

Кыргызстандан ХХХII жайкы Олимпиада оюндарына 16 спортчу барган.