Окуялар
Аламүдүн суусунан аял кишинин сөөгү табылды — ӨКМ

Чүйдүн Көк-Жар айылынын Аламүдүн суусунан (плотина) аял кишинин сөөгү табылганын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеринде 4 куткаруучу маркумдун сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.


