Саясат

Айсулуу, Акжол, Мээримдин сүрөттөрү. Футболчулар оюн алдындагы көнүгүүгө өзгөчө форма менен чыкты

Футбол боюнча Кыргызстандын курамасы Палестинанын командасына каршы оюндун алдындагы көнүгүүгө Олимпиаданын байгелүү орундарынын ээлери Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазарованын портреттери тартылган футболкалар менен чыкты.

Кыргыз футбол бирикмесинен билдиргендей, футболчулар мындай кадамы менен Олимпиада оюндарында байгелүү орундарга илинген спортчулар менен сыймыктанып жатканын билдирген.

“Кыргызстанды эл аралык аренада мыкты деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылыгыбызды билдиребиз”, — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын курама командасы “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдешинин алкагында Палестинанын командасын 1:0 эсебинде жеңип алды.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button